Бишкекте жаңы жылдык майрамдык концерт өтөт
30.12.25 | 09:19
Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык чоң концерт уюштурулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара саат 18:00дө башталып, кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын катышуусунда өткөрүлөт. Концерт Жаңы 2026-жылды көтөрүңкү маанайда тосууга арналган.
"Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар жана жакындарыңыздар менен бирге келип, жаңы жылды кубаныч жана биримдик менен тосууга чакырабыз", — деп айтылат шаардык мэриянын чакырыгында.
Жаңы жылдык концерт жалпы эл үчүн ачык жана акысыз болот.
Редактор
Редактор
Поделиться: