Эскертүү! Бишкек жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт
30.12.25 | 10:34
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
ӨКМ жарандарды сак болууга чакырып, шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, ошондой эле кырсык катталса же анын күбөсү болсо, токтоосуз 112 кызматына кабар берүүнү эскертти.
Редактор
Редактор
Поделиться: