Бишкекте 20 миң долларлык унаага байланыштуу алдамчылык фактысы аныкталды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-май күнү Биринчи май райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Ф.С. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Тергөөдө аныкталгандай, 2024-жылдын сентябрь айында Ф.С. дача тилкесинде мончо куруу боюнча келишим түзүп, эсептешүү катары баасы 20 миң доллар болгон Chevrolet Trailblazer үлгүсүндөгү унааны алган. Курулуш иштеринин баасы 10 миң долларга бааланып, калган сумманы унаанын ээсине накталай кайтарып берүүгө милдеттенме алган. Бирок ал өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, кийинчерээк жашырынып, из жашырганы маалым болду.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган Ф.С. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.