2025-жылдын жыйынтыктары: MEGA кирешенин тарыхый жогорку көрсөткүчүн
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2025-жылга карата алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Узап бара жаткан жылда өлкө боюнча абоненттерге көрсөтүлүүчү санариптик кызматтардын саны өсүп, бул жыл туруктуу өнүгүүнүн, технологиялык жаңылануулардын мезгили болду.
Ал эми жыл жыйынтыктарына токтоло кетсек, оператордун кирешесинин эң жогорку көрсөткүчү катталып, бул абоненттик базанын туруктуу өсүшү, мобилдик маалыматтарды керектөөнүн көбөйүшү жана технологиялык өнүгүү стратегиясын ырааттуу ишке ашыруу менен шартталды.
2025-жылы мамлекеттик оператор ар кандай абоненттик категорияларга ─ активдүү мобилдик интернет колдонуучуларынан баштап, бирдиктүү сунуштарга чейин багытталган тарифтик пландарынын тизмегин жаңылады жана кеңейтти.
Экосистеманы өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Компаниянын санариптик чечими болгон MegaPay эми толук кандуу супераппка айланды. Кызмат эки колдонмону бир интерфейске бириктирип, MEGAнын бардык негизги кызматтары: банк иши, төлөмдөр, которуулар, тарифтерди жана байланышты башкаруу, ошондой эле саламаттыкты сактоо, курулуш жана мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөр жеткиликтүү болуп калды.
Техникалык өнүгүүдө жетишилген олуттуу ийгиликтерди да белгилей кетүүгө болот. 2025-жылы MEGA рекорддук сандагы базалык станцияларды курду. Бүгүнкү күндө MEGA тармагы өлкөнүн калктуу аймагынын 99% дан ашыгын камтыйт. Компания Кытай ─ Кыргызстан ─ Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата ─1 долбоору, Алтынкен, «Үч чоку» лыжа базасы, Ысык-Көлдүн айлана өткөн унаа жолу, ошондой эле Сары-Челек жана Соң-Көл көлдөрү, жаратылыш коруктары жана жетүүгө кыйын аймактар сыяктуу негизги инфраструктуралык объектилерде байланышты камсыз кылат.
Маалымат өткөрүүнүн жана интернет -трафиктин көлөмүнүн өсүшү менен, MEGA 2025-жылы ички инфраструктурасынын алкагында негизги жабдууларды кеңири масштабда модернизациялоо жана жаңылоо иштерин жүргүздү. Бул чаралар компаниянын келечекте туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт, тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана техникалык жабдууларды жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга салым кошот.
Уюлдук байланыш оператору өкмөт жана
мамлекеттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн күчөттү. Белгилей кетсек, 2025-жылы
MEGA инвестициялык климатты, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана
мамлекеттик сектордо заманбап технологияларды ишке ашырууга багытталган бир
катар келишимдерге жана кызматташуу меморандумдарына кол койду.
Компаниянын процесстеринин сапаты TÜV тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык аудит
менен дагы бир жолу тастыкталды: MEGA ISO 9001:2015 стандартына ылайык кайра
сертификациялоодон ийгиликтүү өттү, учурда MEGA ─ Кыргызстандагы ушул статуска
ээ болгон биринчи жана бирден-бир телекоммуникациялык оператор.
Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында MEGA айлана-чөйрөгө, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана туруктуу өнүгүүнү колдоого багытталган экологиялык демилгелерди жана эко-кампанияларды көз жаздымда калтырган жок, Компаниянын кызматкерлери өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы экологиялык иш-чараларга жана социалдык долбоорлорго катышууну улантып жатты.
MEGA бул жылы да балдар үйлөрүнө жана социалдык мекемелерге колдоо көрсөтүүнү токтотпостон, жашоо шарттарын жакшыртууга жана балдарды колдоого салым кошуп жатты. Компаниянын социалдык демилгелери узак мөөнөттүү социалдык баалуулуктарга багытталган мамлекеттик оператор катары анын миссиясынын маанилүү бөлүгүнө айланды.
MEGA жылды жыйынтыктап жатып, мамлекеттик оператор катары өз миссиясына берилгендигин далилдеди жана Кыргыз
Республикасынын жарандары үчүн ишенимдүү, жеткиликтүү жана заманбап байланышты камсыз
кылууну, өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнө салым кошууну жана калктын жашоо сапатын
жакшыртууну уланта берет.Компания 2026-жылы да өз тармагын модернизациялоону,
санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү жана абоненттеринин муктаждыктарына жана
мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттерге багытталган
социалдык жана экологиялык демилгелерди ишке ашырууну уланта бермекчи.
MEGA – мыктыны тандоо!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР