Жарнама

"Тазалыктын" кызматкерлери... Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жаран изделүүдө

30.12.25 | 11:48
"Тазалыктын" кызматкерлери... Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жаран изделүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Аламедин-1 кичи району тарапта болгон. Издөө-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каналга түшүп кеткен жарандар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери экени айтылууда. Маалым болгондой, алардын бири сууга түшүп кеткен соң, жардамга келген дагы эки кызматкерди катуу суу агымы алып кеткен. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.

Учурда издөө иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча