Жарнама

Милицияга баш ийбей... Бишкекте коомдук тартипти бузган жарандар кармалды

30.12.25 | 12:16
Милицияга баш ийбей... Бишкекте коомдук тартипти бузган жарандар кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында коомдук тартипти бузган жарандар кармалганын Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-декабрда саат 22:58 чамасында Токомбаев көчөсүндөгү эс алуучу жайлардын биринде коомдук тартипти бузуу фактысы катталган. Кайгуул кызматынын кызматкерлери мушташка катышкан жарандарды аныкташкан.

Аталган жарандар агрессивдүү аракеттерди көргөзүп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, адепсиз сөздөрдү айтып, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан.

Текшерүү учурунда 1998-жылы туулган Б.Д. жана С.Н. аттуу жарандар аныкталып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлгөн. Аталган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү текшерүү иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча