Жарнама

Чүйдө айылга кирип келген ак илбирс коопсуз жерге чыгарылды

30.12.25 | 15:27
Чүйдө айылга кирип келген ак илбирс коопсуз жерге чыгарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке кирген сейрек жырткыч — ак илбирс байкалганы тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган. Илбирс айыл аймагына кирип, бакка чыгып кеткен. Окуя болгон жерге министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери барып, жаныбарды коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.

Ак илбирс — Кыргызстан үчүн символдук мааниге ээ жаныбар. Анын ар бир жолу катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында олуттуу окуя катары эсептелет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча