Сирия жаңы валютасынын дизайнын тааныштырды
30.12.25 | 17:10
Чет элдик басылмалар Сириянын жаңы валютасынын дизайны коомчулукка көрсөтүлгөнүн жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы банкноттордо буга чейин колдонулуп келген, бийликтен кулатылган лидер Башар Асаддын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү алынып салынган. Алардын ордуна буудай, зайтун, апельсин жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сүрөттөрү түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, Сирия буга чейин эле жаңы валютаны жүгүртүүгө киргизүү планы бар экенин расмий түрдө билдирген.
Редактор
Редактор
Поделиться: