Жарнама

Мальтада каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү мекенине кайтарылат

12.01.26 | 12:51
Мальтада каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү мекенине кайтарылат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мальтадагы Сент-Джордж булуңунун аймагында каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   

Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилиги Кыргызстандын жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат алгандан кийин Мальтанын компетенттүү органдары менен дароо байланыш түзүп, ошондой эле анын аймагында жашаган мекендештердин жардамы менен иш алып барууда.   

Учурда, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтаруу маселелери боюнча ишти улантуу менен бирге, ар тараптуу консулдук жардам көрсөтүп, бардык зарыл болгон жол-жоболорду колдоону камсыз кылууда, ошондой эле маркумдун туугандары менен түз жана үзгүлтүксүз байланыш уюштурулду.  

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча