Жарнама

Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Башка облустарда да жогорулатуу керекпи?

12.01.26 | 15:33
Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Башка облустарда да жогорулатуу керекпи? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Натыйжада буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт·сааттан 264 312 кВт·саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясын көбүрөөк көлөмдө берүү жана аймактын энергокамсыздоосун турукташтыруу камсыздалды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын эң жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган чаралардын алкагында кабыл алынды.

Башка облустарда да лимитти көбөйтүү керекпи? Пикириңизди калтырыңыз.

Эскерте кетели, сурамжылоого бир телефондон бир гана добуш кабыл алынат. Сурамжылоо ачык-айкын, бурмалоосуз жүргүзүлөт жана ал сурамжылоого катышкандардын гана пикирин билдирерин эске салабыз. 

Жыйынтыгы 16-январь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Башка облустарда да жогорулатуу керекпи?

Ооба
100%
Жок
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча