Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты
Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 3-январь күнү Сузак РИИБдин нөөмөт
бөлүмүнүн 102 номерине Сузак районунун 1990-жылы туулган тургуну чалып, ал ошол
күнү 19:55 чамасында 1997-жылы туулган жубайы менен өз ара пикир келишпестиктен
улам өлтүрүп алгандыгын билдирген.
Аталган маалымат Сузак РИИБдин кылмыштардын
бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси
(Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад
ОИИБдин, Сузак РИИБдин жетекчилиги жана райондук прокуратурасынын катышуусунда
окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюм катарында 1 даана аш бычагы
алынып, 1997-жылы туулган Т.Р.кызынын жансыз денесине карата соттук-медициналык
экспертиза дайындалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун күйөөсү
1990-жылы туулган Д.Я. РФда эмгектенип жүрүп, 2026-жылдын 2-январь күнү үйүнө
кайтып келгендиги жана жубайы 1997-жылы туулган Т.Р. кызы менен пикир
келишпестиктен улам, аш бычак менен бир нече жолу көкүрөк тарабына сайып
өлтүргөндүгү маалым болгон.
2026-жылдын 4-январь күнү кылмышка шектүү
катарында 1990-жылы туулган Д.Я. Сузак райондук соту тарабынан камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.