Республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти
Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти.
Суу
ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы
боюнча, алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл
аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда.
Негизги көрсөткүчтөр:
Ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66
Жалпы мал саны: 8
406 баш
Асыл тукум кой чарбалары – 75
Малдын жалпы саны:
24 759 баш
Асыл тукум жылкы чарбалары – 35
Жалпы саны: 1 725
баш
Асыл тукум эчки чарбалары – 5
Жалпы саны: 2 704
баш
Асыл тукум топоз чарбалары – 5
Малдын саны: 1 224
баш
Асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2 Жалпы саны:
281 миңден ашык канаттуу
Бул көрсөткүчтөр асыл тукум мал чарбачылыгы
өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын
жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айгинелейт. Өзгөчө кой жана ири
мүйүздүү мал багытындагы чарбалардын көптүгү эт жана сүт продукцияларынын
сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.