Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштурууда мыйзам бузган 4 компаниянын иши токтотулду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптары бузулган фактыларды аныктады.
Борбордун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө айрым жөнөтүүчүлөр тарабынан Түркиянын аймагында ишке орноштуруу максатында Кыргызстандын жарандарын жалдоо учурунда ишенимсиз маалыматтар берилгени аныкталган.
Тактап айтканда, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат алуу учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтер тапшырылган. Атап айтканда, Түркиядагы кабыл алуучу уюм (иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм) менен болгон иш жүзүндөгү кызматташтык тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.
«Бул аракеттер жогоруда аталган жободо каралган талаптарды бузуу болуп саналат. Ага ылайык, жөнөтүүчү тарабынан уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтерди берүү фактылары аныкталган учурда уруксаттын колдонулушун токтотууга негиз болуп эсептелет», — деп маалымдашты Жарандарды ишке орноштуруу борборунан.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жана жобонун ченемдерине ылайык, төмөнкү жөнөтүүчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркияда ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө берилген уруксаттардын колдонулушу убактылуу токтотулду:
— «Голден ворк & тревел» ЖЧКсы;
— «Айрис Тревел» ЖЧКсы;
— «Рамай-Саякат» ЖЧКсы;
— «Аска-Трэвел» ЖЧКсы.
Уруксаттардын колдонулушун токтотуу аныкталган мыйзам бузуулардын себептери белгиленген тартипте толук жоюлганга чейин улантылат.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аталган жөнөтүүчүлөргө карата мыйзам бузууларды аныктоо боюнча тиешелүү актылар түзүлдү.