Жарнама

Тумандан улам “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат

14.01.26 | 11:01
Тумандан улам “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Туманга байланыштуу “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта аэропортто175 метр гана аралык көрүнүп, Шарм-эш-Шейх, Стамбул жана Москванын учактары кармалып жаткандыгы белгиленет. Мындан улам Шарм-эш-Шейх учагы учурда Ташкент шаарына жиберилген. Калган эки каттам тууралуу чечим кабыл алына элек.

Белгилей кетсек, учактарды кабыл алуу үчүн кеминде 800 метр аралык көрүнүп турушу керек.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча