Бишкек–Ош унаа жолунда мазут ташыган бензовоз жолго антарылып кеткен
14.01.26 | 12:19
Бүгүн саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428 чакырымында жүк ташуучу, мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго антарылып кеткен.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.
Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу бар.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, башкалардын убактысын сыйлоого, ошондой эле алыс жолго чыгардан мурун унаанын техникалык абалын текшерүүдөн өткөрүүгө чакырат.
Редактор
Редактор
Поделиться: