"Газпром Кыргызстан": Телеметрия менен газ эсептегичтеринен маалыматтарды туура берүү калыбына келтирилди
2025-жылдын октябрь–ноябрь айларында абоненттерде орнотулган телеметриясы бар айрым газ эсептегичтер көрсөткүчтөрдү туура бере алган эмес. Маалыматтардын жоктугуна байланыштуу көрсөтүлгөн мезгилде газ үчүн төлөмдөр жеткиликтүү маалыматтардын негизинде эсептелип, бул квитанциялардагы суммалардын так эмес чыгышына алып келген.
Декабрдын жыйынтыгы боюнча бардык эсептегичтер кайрадан байланышка чыгып, анын ичинде мүчүлүштүктөр болгон мезгилдеги топтолгон көрсөткүчтөрдү алуу мүмкүн болду. Натыйжада айрым абоненттердин декабрь айындагы эсеп-дүмүрчөктөрүндө эсептелген сумма күтүлгөндөн жогору болуп чыкты, анткени анда дээрлик эки айлык чыныгы керектөө камтылган. Бул керектөөчүлөрдүн негиздүү нааразычылыгын жараткандыктан, компания түшүндүрмө берүүнү маанилүү деп эсептейт.
Бүгүнкү күнгө карата техникалык көйгөй жоюлду, газ эсептегичтеринен маалыматтарды берүү толук көлөмдө жана штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Январь айы жана кийинки мезгилдер үчүн эсептөөлөр так ушул чыныгы көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.
Ошол эле учурда компания газ эсептегичтер толугу менен ишке жарамдуу экенин баса белгилейт. Бардык аспаптар мамлекеттик текшерүүдөн өткөн, Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана тактык менен ишенимдүүлүк боюнча белгиленген талаптарга жооп берет. Пайда болгон кырдаал эсепке алуу аспаптарынын сапатына эмес, телеметриялык маалыматтарды иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болгон.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Компания жаратылыш газын керектөөнү аралыктан эсепке алуу тутумдарынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.
Кайра эсептөөлөр жана техникалык маалыматтар боюнча суроолор менен абоненттер «Газпром Кыргызстан» компаниясынын колл-борборуна 4444 номери аркылуу кайрыла алышат (уюлдук телефондон чалуу акысыз).