Жарнама

Бишкектин мурдагы вице-мэри таштанды талаасына байланышкан коррупцияга шектелип кармалды

14.01.26 | 14:03
Бишкектин мурдагы вице-мэри таштанды талаасына байланышкан коррупцияга шектелип кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) борбор калаанын жаңы таштанды полигонун долбоорлоо жана курууга байланыштуу коррупциялык ишке байланыштуу Бишкек мэриясынын кызмат адамдарынын жана подряддык уюмдардын жетекчилеринин кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоору боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурундагы коррупция боюнча кылмыш ишин козголгон.

Аталган долбоорду ишке ашырууга 2015-жылы кредиттик негизде 22 млн евро бөлүнгөн. Бул каражатка техника сатып алуу жана жаңы полигон куруу пландалган.

Мамлекеттик сатып алуулардын айрым элементтерине жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн сомду түздү.

Буга байланыштуу 12-январда «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., подряддык компаниялардын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда атайын кызмат тарабынан бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын жана ага тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча