Жарнама

Бишкекте аял мурдагы күйөөсүн жаакка чапкандыгы үчүн айыпка жыгылды

14.01.26 | 20:17
Бишкекте аял мурдагы күйөөсүн жаакка чапкандыгы үчүн айыпка жыгылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту мурдагы күйөөсүн жаакка чапкан аялга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына юрист Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымынды, аял көп жылдар бою мурдагы күйөөсү тарабынан физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылып келгенин белгиледи. Муну тастыктаган 16 коргоо ордери, ошондой эле Ленин райондук сотунун Кыйноо беренеси боюнча чыккан өкүмү да бар экенин билдирди.

Бирок Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлү сотто мурдагы зомбулук учурлары менен бул окуянын ортосунда байланыш жок экенин айткан. Сот бул позицияны колдоп, ишти мурдагы жагдайлардан өзүнчө караган.

Соттун чечимине макул болбогон юрист апелляциялык арыз менен сотко кайрыла турганынын билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча