Жарнама

Мопеддерди башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда

15.01.26 | 11:45
Мопеддерди башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду. 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда. 

“Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда”, - деди Октябрь Урмамбетов. 

Депутат Болот Ибрагимов айып пулдун өлчөмүн 60-80 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады.   

“Сиз айткан жазааларга айп пулду сөзсүз түрдө кошуш керек. Ал эми экинчи жолу айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган мезгилде дагы мас абалында кармалса, айып пулду күчөтүш керек, коомдук ишке тартуу керек”, - деди депутат.

Октябрь Урмамбетовдун айтымы боюнча, 312-беренеде бул маселе каралып жатат.

“Соттун чечими туруп, биз сунуштаган убакыттан кийин мас абалда кайра кармалса айдоочулук күбөлүгүнөн 4 жылга ажыратылат”, - деп жооп берди министрдин орун басары.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча