Жарнама

2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолор боюнча бир иш козголгон

15.01.26 | 11:56
2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолор боюнча бир иш козголгон КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу 43 арыз түшүп, Ысык-Көл облусунда болгон окуя боюнча гана арыз-доомат аныкталып, бир кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 15-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө ылайык, калган арыздар териштирүү учурунда аныкталган эмес жана ушундан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Үмүткан Коңкубаева арыз берген адамдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып ошонун негизинде жыйынтык чыгарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева укук коргоо уюмдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине берген баяндамасына ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы кыйноолорго байланыштуу 124 факты катталганын, 2024-жылы ал 151ге жеткенин айтты. Бирок көп учурда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынарын билдирип, бул кооптуу экенин кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча