2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолор боюнча бир иш козголгон
Кыргызстанда 2025-жылы жабык жайлардагы кыйноолорго байланыштуу 43 арыз түшүп, Ысык-Көл облусунда болгон окуя боюнча гана арыз-доомат аныкталып, бир кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 15-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө ылайык, калган арыздар териштирүү учурунда аныкталган эмес жана ушундан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Үмүткан Коңкубаева арыз берген адамдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып ошонун негизинде жыйынтык чыгарын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева укук коргоо уюмдарынын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине берген баяндамасына ылайык, Кыргызстанда 2023-жылы кыйноолорго байланыштуу 124 факты катталганын, 2024-жылы ал 151ге жеткенин айтты. Бирок көп учурда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынарын билдирип, бул кооптуу экенин кошумчалады.