Самокат айдагандарга катуу эрежелерди киргизүү сунушталууда
Депутат Бурун Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында самокат айдагандарга катуу эрежелерди киргизүүнү сунуштады.
“Париж, Мельбурн, Торонто шаарларында самокаттарга тыюу салынган. Кытайдын кээ бир шаарларында чектөө коюулган. Бизде самокаттар тротуарларда кетип баратып кишилерди уруп кеткен да учурлар болгон. Ошого катуу эрежелерди киргизүү оюңарда барбы?”, - деп суро узатты депутат.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, бул маселе каралып жатканын белгиледи.
“Биз мэрия менен тыгыз иштеп жатабыз. Мэрия самокаттар үчүн полосаларды жасап берип жатпайбы. Эми мэрия регистрациясын өздөрүнө кылып, тартибине алып келгенин карап чыгып жатабыз. Бул “Унаа”га эмес, мэрияга фирмалар келип регистрация кылып турат. Ошондо ким жоопкерчиликте экени аныктай алабыз. Ошондой тартипти жакында киргизебиз”, - деди министрдин орун басары.