Жарнама

Жогорку Кеңеш мас абалдагы айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун колдоду

15.01.26 | 15:07
Жогорку Кеңеш мас абалдагы айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун колдоду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңеш мас абалда оор эреже бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору президенттин 2021-жылдын 7-декабрындагы "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

"Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда", - деди Урмамбетов.

Жыйында депутат Дастан Бекешев жөө жүргүнчүлөр үчүн жана мобилдик транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн жол тилкелерин өз-өзүнчө бөлүү керектигин билдирсе, эл өкүлү Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча