Ашыкча төлөмдөрсүз байланыш: MEGA ыңгайлаштырылуучу MIX тарифин сунуштайт
MEGA мамлекеттик мобилдик операторунун MIX тарифи – бул ар бир абоненттин жашоо образына оңой ыңгайлашуучу заманбап жана ийкемдүү байланыш форматы. MIX тарифи өзүнүн тарифин өзү башкарып, чындап керектүү кызматтар үчүн гана төлөгүсү келгендер үчүн иштелип чыккан.
Негизги тарифтик топтомго ыңгайлуу байланыш, жумуш жана көңүл ачуу үчүн керектүү нерселердин баары кирет. Наркы – айына 540 сом. Бул баада абоненттер төмөнкүлөрдү алышат:
• 80 ГБ мобилдик интернет,
• Интернетти чектөөсүз таратуу,
• MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMS,
• Кыргызстандагы башка операторлордун номерлерине 30 мүнөт,
• MegaTV кызматында 50 телеканал.
MIX тарифин каалаган ыңгайлуу убакта жана татаал шарттарсыз кошумча опциялар менен оңой эле кеңейтүүгө болот. Абоненттер өздөрүнүн жашоо образына ылайыктуу кызматтарды өз алдынча кошо алышат.
Жеткиликтүү опциялар төмөнкүлөрдү камтыйт:
• КРдин башка операторлорунун номерлерине кошумча 30 мүнөт
• 200дөн ашык телеканалдары бар MegaTV Premium
• "Чек арасыз түн" чектөөсүз түнкү интернет
• чектөөсүз WhatsApp, Telegram жана Instagram
• Яндекс Плюска жазылуу (Кинопоиск, Музыка, Китептер жана Яндекс Go'до 10%га чейин арзандатуулар)
• «Этномедиа» онлайн кинотеатры
• START онлайн кинотеатры
• Megogo онлайн кинотеатры
• Wink онлайн кинотеатры
Сиз MIX тарифтик планын MEGA24 жана MegaPay мобилдик колдонмосундагы "Байланыш" бөлүмүндө, *778*540# USSD буйруусу аркылуу, MEGA тейлөө кеңселеринде же байланыш борбору аркылуу кошуп жана жөндөй аласыз.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР