Жарнама

Бир жыл ичинде жасалган экинчи онкологиялык операцияга акы алынбайт

16.01.26 | 18:34
Бир жыл ичинде жасалган экинчи онкологиялык операцияга акы алынбайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Онкологиялык оорулары бар бейтаптар бир жылдын ичинде кайрадан операция жасатуу зарыл болгон учурда ооруканага жатуу үчүн акы төлөбөйт. Бул тууралуу 16-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирет.
Маалыматка ылайык, онкологиялык оорулары бар бейтаптарга биринчи операция жасалган учурдан тартып 12 айдын ичинде пландуу түрдө кайрадан операция жасоо зарылчылыгы келип чыкса, ооруканага жатуу акысыз жүргүзүлөт.
Мындай учурларда ооруканага жаткыруу акысыз жүргүзүлөт. Алгачкы ооруканага жаткандай эле стационарда дарылануу үчүн кошумча төлөм алынбайт.
Стационардык дарылануу учурунда кошумча төлөм алынбайт:
• адистердин консультациясы;
• хирургиялык кийлигишүү;
• анестезия (наркоз);
• операциядан кийинки жарааттарды иштеп чыгуу;
• аталган стационарда жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр акысыз түрдө жүргүзүлөт.
Мындан сырткары, медициналык уюм бейтапты дары-дармектер менен камсыз кылууга тийиш. Ооруканада дары-дармектер жок болгон учурда гана бейтап дары-дармектерди өзү сатып алууга укуктуу. Бул ченемдер Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча