Жарнама

Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнит алып чыгышты

19.01.26 | 09:17
Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнит алып чыгышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ошто хирургдар 2 жашар баланын ичегисинен 17 даана магнит алып чыгышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Ооруканага 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган абалда кайрылган. Бейтап 3 күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага кайрылып, рентген текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталган.

Оорукананын тажрыйбалуу хирургдарынын бригадасы бейтапка шашылыш операция жасап, жутуп алган 17 даана магнитти ичегиден толук чыгарышкан. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай: магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карын ичинде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операциялык кийлигишүүгө чейин алып келиши мүмкүн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча