Жарнама

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

19.01.26 | 14:51
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек.

"Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды. Айдоочуларга кайрыла кетейин, шашпай эле келгиле, убакыт көп. Азыр күбөлүктөр "Учкун" ишканасында чыгарылат. Баарына жетет", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүмдөрүндө айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууну каалагандардын узун кезеги жаралып, айрымдардын нааразычылыгын жараткан.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча