Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди
20.01.26 | 10:48
Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Business House KG” ЖЧКсына карата аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Ошондой эле башкармалык тарабынан облустун алыскы аймактарында жайгашкан социалдык объектилердеги курулуштун сапаты да текшерилүүдө.
Редактор
Редактор
Поделиться: