Жарнама

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

20.01.26 | 10:48
Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Business House KG” ЖЧКсына карата аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Ошондой эле башкармалык тарабынан облустун алыскы аймактарында жайгашкан социалдык объектилердеги курулуштун сапаты да текшерилүүдө.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча