Жарнама

Министрлер кабинети 2026-жылга иммиграция квотасын белгиледи

20.01.26 | 10:54
Министрлер кабинети 2026-жылга иммиграция квотасын белгиледи КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер Кабинетинин буйругу менен 2026-жылга Бишкек, Ош шаарлары жана Кыргызстандын облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияланууга укугу бар чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын максималдуу санын белгилеген иммиграция квотасы белгиленген.

Кыргызстан үчүн бул квота 400 адамды түзөт.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүү тапшырылды.

2026-жылга Бишкек, Ош шаарлары жана Кыргызстандын облустары боюнча өлкөгө иммиграциялоо үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын максималдуу санын белгилөөчү иммиграциялык квота:

Бишкек 100
Ош 30
Баткен обл
усу 10
Жалал-Абад обл
усу 50
Ысык-Көл облусу 20
Нарынс обл
усу 20
Ош обл
усу 50
Талас обл
усу 10
Чүй
облусу 110
Жалпы өлкө боюнча 400 квота

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча