Министрлер кабинети 2026-жылга иммиграция квотасын белгиледи
Министрлер Кабинетинин буйругу менен 2026-жылга Бишкек, Ош шаарлары жана Кыргызстандын облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияланууга укугу бар чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын максималдуу санын белгилеген иммиграция квотасы белгиленген.
Кыргызстан үчүн бул квота 400 адамды түзөт.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүү тапшырылды.
2026-жылга Бишкек, Ош шаарлары жана Кыргызстандын облустары боюнча өлкөгө иммиграциялоо үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын максималдуу санын белгилөөчү иммиграциялык квота:
Бишкек 100
Ош 30
Баткен облусу 10
Жалал-Абад облусу 50
Ысык-Көл
облусу 20
Нарынс облусу 20
Ош облусу 50
Талас облусу 10
Чүй облусу 110
Жалпы өлкө боюнча 400 квота