Жарнама

Депутат: Төө буурчакты Индияга экспорттоо маселесин чечүү керек

21.01.26 | 10:47
Депутат: Төө буурчакты Индияга экспорттоо маселесин чечүү керек КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Төө буурчакты Индияга экспорттоо маселесин чечүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Джумабеков билдирди.

“Төө буурчактын баасы дагы эле көтөрүлбөй Таластын дыйкандары кыйналып жатат. Ишкерлердин айтуусунда Индияда жакшы баа бар экен. Бирок ал жакка жеткирүүдө маселе болуп жатат. Бизде фумигация деген справка берилет. Бул ошол төө буурчакты курт-кумурскадан дарылоо иретиндеги справка. Бирок биздин справка Индияда жарабайт экен. Ошондуктан тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, Индия мамлекети менен элчилик аркылуубу, же түздөн түз байланышыппы, справка жарай тургандай кылып бериш керек", - деди депутат. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча