Жарнама

Ош облусунда 30дан ашык күрөөкананын иши токтотулду

21.01.26 | 17:39
Ош облусунда 30дан ашык күрөөкананын иши токтотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында иш алып барган күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүү иштери Финансылык көзөмөл жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Анын жүрүшүндө өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды.

Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

УКМК тарабынан учурда калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча