Жарнама

Бишкекте 100 миңден ашык окуучуга ылайыкталган 120 мектепте 260 миңден ашык бала окуп жатат

22.01.26 | 15:36
Бишкекте 100 миңден ашык окуучуга ылайыкталган 120 мектепте 260 миңден ашык бала окуп жатат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу Бишкекте мектепке болгон жетишсиздик көйгөйү курч экенин билдирди.

Ал бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу" фаза-2" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, анда борбор калаага 14 мектеп куруу каралганын айтты.

"Свердлов районунда 35 мектеп болсо, 29 миң 738 окуучуга ылайыкташкан. Бирок учурда 66 миң 747 бала окуп жатат. Биринчи Май районундагы 27 мектеп 20 миң 962 балага ылайыкталган болсо, бүгүнкү күндө 58 миң окуучу окууда. Ленин районунда 36 мектеп боло турган болсо, 30 миң 402 бала гана окушу керек болчу. Учурда 91 миң окуучу окуп жатат. Октябрь районунда 23 миң 21 окуучуга ылайктуу 22 мектепте 44 миң 788 бала окуп жатат", - деди Иманакун уулу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча