Чөнтөкчүлөр маршруткадагы аялдан 595 миң сом, 400 доллар жана алтын уурдашкан
Чөнтөкчүлөр маршруткадагы аялдан 595 миң сом, 400 доллар жана алтын уурдашкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБна Э.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Арызда ошол эле күнү ал Некрасов көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жүргөн №161 маршруттук таксинин салонунда бара жатып, белгисиз адамдар анын сумкасынан акча салынган капчыгын жашыруун уурдап кетишкени көрсөтүлгөн. Капчыктын ичинде 595 миң сом акча каражаты, 400 АКШ доллары, ошондой эле 100 миң сомго бааланган зер буюмдардын топтому болгон. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Сары-Өзөн» базарынын аймагында 1985-жылы туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон жарандар Ш.М. жана Ж.А. кармалып, Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып, алар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камак алынышты.
Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын салонунан мурда кылмыш жолу менен алынган зер буюмдардын топтому табылып, алынды.