Бишкекте 24 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелүүдө
Бишкектеги мейманканалардын биринде эркек киши аялдын мойнуна бычак сайган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 09:01де Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Кулиев көчөсүндө жайгашкан жеке мейманканалардын биринде эркек киши кызга бычак менен жаракат келтиргени жана алган жаракатынан улам кыз окуя болгон жерде каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Барган учурда маалымат тастыкталып, аныкталгандай, Д.М. жана Р.Э. узак убакыттан бери сүйүү мамилесинде болуп келишкен. 2026-жылдын 26- январында Д.М. жана Р.Э. спирт ичимдиктерин ичкенден кийин алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, анын жүрүшүндө каза болгон Р.Э. шектүүгө колуна бычак менен жаракат келтирген. Буга жооп катары Д.М моюн аймагына бычак менен сокку урган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2002-жылы туулган Д.М. аттуу шектүү кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.