Жарнама

Ош облусунда акча талап кылуу фактысы боюнча тергөөчүлөр кармалды

26.01.26 | 14:34
Ош облусунда акча талап кылуу фактысы боюнча тергөөчүлөр кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунда акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван РИИБнын тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. тарабынан 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, кармалган О.Г.О.  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотом деп аталган тергөөчү К.у.О. аттуу жарандан 3 000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.

Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Ош облусунун Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү милициянын капитаны С.Н.С. ортомчулук кылган.   

КР ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 600 АКШ доллар акча каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.   

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча