Жарнама

Жалал-Абад облусунда 8-класстын окуучусу мектеп жана бала бакчаларга теракт жасоону пландаган

27.01.26 | 15:28
Жалал-Абад облусунда 8-класстын окуучусу мектеп жана бала бакчаларга теракт жасоону пландаган КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

УКМК террордук акт жасоону көздөгөн интернет-террористин аныктады. Ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Казарман реклама» баракчасына Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торуй районундагы Казарман айылындагы бала бакчаларда жана орто мектептерде пландаштырылган террордук чабуулдар тууралуу билдирүү жарыялаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Тогуз-Торуй районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Б.К. интернет-террористтердин таасирине кабылып, мажбурлоо жана психологиялык таасир астында террордук акт жасоону көздөгөн.

Учурда кармалган жаранга карата КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү максатында КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик 14 жаштан баштап караларын жана терроризм актысын жасаймын деп коркутуу үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча