Жарнама

ЖК февральда кафе-ресторандардагы баанын жогорулашын карайт

28.01.26 | 11:05
ЖК февральда кафе-ресторандардагы баанын жогорулашын карайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңеш февральда кафе-ресторандардагы баанын жогорулашын карашы мүмүкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

“Кафе-ресторандарга тейлөөгө болгон пайыздарды алып, тейлөө бекер дегени менен, дароо ошол кафе-ресторандардын ээлери тамак-аштын баасына ошону кошуп койду деген элде нааразычылыктар көп. Эми 10-15 пайызды кошуп койду, алар уттурган жок, бирок карапайым элдердин чөнтөктөрүнө пайыздын алынышы эч кандай таасир эткен жок”, - деди ал.

Төраганын айтымында, ушундай неселерди жасаарда, анализ кылып жасаш керек, жөн эле жасап койбой.

“Ушул маселени караш керек. Бизде бүгүнкү күндө такси кызматы болобу, чач-тарач болобу, кафе-ресторандар болобу, бүт баардыгы дүйнөлүк чоң-чоң ири борборлордон да ашып кетти. Баалар аябай кымбат. Эл аябай нааразы буга. Министрлер кабинети татыктуу иш алып барбай жатат бул боюнча. Министрлер кабинетин биз атайын февраль айына чакырып, ушул маселелер боюнча карап, угушубуз керек. Элдин үнүн ачык талкуулашыбыз керек”, - деди төрага.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча