Жарнама

Төрага : Министрлик каалагандай тариф койгондун негизинде турак-жайлардын баасы өсүүдө

28.01.26 | 15:38
Төрага : Министрлик каалагандай тариф койгондун негизинде турак-жайлардын баасы өсүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу курулуш тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, аталган багытта иш алып барган компаниялардын нааразычылыктары тууралуу сөз кылды. 

“Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылды. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан. Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метрлери кымбаттап, элдин турак-жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатат. Андыктан, ушундай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап, талкуулап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада ирээтке келтиришибиз керек”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу. 

Муну менен катар Төрага парламент ушундай элдин көйгөйлөрүн талкуулаган бийик трибуна экенин баса белгилеп: “Биз ошол укугубузду туура пайдаланышыбыз керек”, – деп кошумчалады. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча