Жарнама

Депутат: Коммерциялык банктарда насыялар жогорку пайыз менен берилет

28.01.26 | 17:07
Депутат: Коммерциялык банктарда насыялар жогорку пайыз менен берилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендери эмне үчүн жогору болуп жатканын сурады.

Ал белгилегендей, коммерциялык банктарда насыялар жылдык 15-20 пайыз менен берилет, ал эми Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан тартып жаткан жана Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган насыялар 0,5-1 пайыз менен берилүүдө.

"Эмне үчүн мынчалык айырма бар? Бул айырманы кыскартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?", - деп суроо салды ал.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров эл аралык каржы институттары 1 пайыз менен валюталык насыяларды, ошондой эле инфраструктуралык жана жеңилдетилген насыяларды берерин билдирди.

"Бирок, өлкөдө депозиттик чендер да 15 пайызга чейин жогорулаган. Сом менен чендер жогору, ал эми чет өлкө валютасында төмөн. Бүгүнкү күндө доллар менен орточо чен 7-8 пайызды түзөт", - деп белгиледи ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча