Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүү чектелди
29.01.26 | 08:04
Кыргызстанга Индиядан мал жана андан жасалган азыктарды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Ветеринардык кызмат мындай чечимди Нипах вирусуна байланыштуу кабыл алган. Чектөө бүгүн, 28-январдан баштап күчүнө кирет.
Мындан улам Ветеринардык кызмат белгисиз мал-жандын этин алуудан алыс болууну, тиешелүү документтердин бар-жогун сурап, кызыгып коюш керектигин эскертти.
Редактор
Редактор
Поделиться: