Эл аралык издөөдө жүргөн жаран өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырып, 17 миң доллар алган
Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан УКМКнын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ИИББна У.Ж. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган.
Арызында билдиргендей, белгисиз адам атайылап жана пайда табуу максатында «WhatsApp» мессенджери аркылуу ишенимге кирип, өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, тергөө абагынан бошотуп берүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен 17 миң (он жети миң) доллар өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал 2022-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга жана өздөрүн укук коргоо органдарынын же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер же телефон аркылуу акча талап кылган адамдарга ишенбөөгө чакырат.
Эгерде ушундай билдирүүлөрдү же чалууларды алсаңыздар, дароо төмөнкү телефондорго кайрылууңуздарды суранабыз:
+996 990 561 333, +996 557 933 277, +996 551 102 774 же «102» кызматына.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.