Жарнама

Кыргызстандын гимнин тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

29.01.26 | 15:08
Кыргызстандын гимнин тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимндин варианттарын тандап алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутаттык топтор комиссияга өз өкүлдөрүн дайындашты:

  • "Адилет Кыргызстан" – Нуржамал Төрөбекова;
  • "Ала-Тоо" – Бактыяр Калпаев;
  • "Менкечил" – Венера Салямова;
  • "Элдик" – Улан Жаанбаев;
  • "Ата-Журт" – Камила Талиева.

Депутат Камила Талиева гимн үчүн сунушталган 900 варианттын ичинен үчөө гана тандалып алынганын, бирок алар да азырынча жактырыла электигин белгиледи.

"Бул маселени коомдук талкууга алып чыгуу зарыл. Маселе абдан олуттуу. Жогорку Кеңештин алдында татаал милдет турат", - деп баса белгиледи ал.

Комиссиянын иши 2026-жылдын 1-июнуна чейин уланат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча