Жарнама

Президент 2026–жылдын бюджетин бекитти

29.01.26 | 15:36
Президент 2026–жылдын бюджетин бекитти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров “2026-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына кол койду.  Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.  

Документке ылайык, өлкөнүн 2026-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 551 млрд 207 млн 156,1 миң сом, ал эми чыгашалар боюнча 550 млрд 770 млн 757,7 миң сом өлчөмүндө бекитилет.

Мында 2026-жылга республикалык бюджеттин профицити 436 млн 398,4 миң сомду түзүп, ал финансылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн, анын ичинде мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын жабууга багытталат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча