Жарнама

Нарында жер титиреди

30.01.26 | 11:25
Нарында жер титиреди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн саат 8:54те Нарын аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4 баллды түздү.
Андан тышкары Жан-Булак жана Достук айылдарында 3,5 балл, Куланак, Миң-Булак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2 балл болуп сезилди.

Баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жок.

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын түштүгүндө, кыргыз-тажик чек арасында күчү 2,5-3,5 баллды түзгөн бир нече жолку жер силкинүү катталды.

Былтыр март айында очогу Казакстанда болгон жер титирөөнүн толкуну Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жеткен. Айрым райондордо дубалдарынан жарака кеткен үйлөр катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча