Жарнама

Мамлекеттик бюджетке кошумча 70 миллиард сом талап кылынат

30.01.26 | 11:27
Мамлекеттик бюджетке кошумча 70 миллиард сом талап кылынат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мамлекеттик бюджетке кошумча 70 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында маалымдады. 

«Биз 12 жашка чейинки балдарга жөлөк пул алуу боюнча сиздин сунушуңузду көрдүк. Бул сунуштарыбыздын баары каралат. Бюджет сиздин колуңузда. Балким, салыктарды көтөрүү же башка нерсе керектир, бирок биз булактарды табышыбыз керек. 1-апрелден баштап мугалимдердин, медициналык кызматкерлердин жана башка социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысы көбөйөт», — деди аткаминер.

Ал кошумчалагандай, республикалык бюджетке кошумча 70 миллиард сом табылышы керек, бирок кандай максаттар үчүн экенин так айткан жок.

Эскерте кетсек, президент «2026-жылга жана 2027—2028-жылдарга пландаштыруу мезгилине карата Кыргызстандын республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамын бекитти. Документке ылайык, бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду, чыгымдары 550,8 миллиард сомду, ал эми профицити 436,4 миллион сомду түзөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча