«Газпром Кыргызстан» курулуш компаниялары менен газ түтүктөрүн долбоорлоо ченемдерин талкуулады
«Газпром Кыргызстан» жетекчилиги КР Куруучулар союзунун төрагасы жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жолугушту.
Иш-чарада курулуш ченемдерин сактоо маселеси, айрыкча 2021-жылы КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген КР КЧ 42-01:2020 «Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо» курулуш ченемдеринин аткарылышы талкууланды. КР КЧ 42-01:2020га ылайык, тиричилик газ эсептегичтерин ашканаларга, лоджияларга, балкондорго, жеке коридорлорго, ошондой эле жалпы пайдалануудагы жайларга (тепкич клеткаларына, аянтчаларга, холлдорго ж.б.) орнотууга уруксат берилет.
Буга чейин тиричилик газ эсептегичтери батирлерде гана орнотулган, бул эсептөөнүн тактыгы менен байланыштуу көйгөйлөргө алып келип, газ кызматтары үчүн газ агып кетүү учурларында ишти кыйындатчу. «Бүгүнкү күнгө чейин борбор калаада 4,5 миң батирде абоненттер газ көрсөткүчтөрүн эч качан билдиришпейт. Биздин контролерлор ошол жерге эки жылдан бери кире албай жатышат. Ал эми мурда мындай учурлар андан да көп болчу. Мына ушундан улам биз эсептегичтерди жалпы пайдалануудагы жайларга орнотууну сунуштаганбыз», — деп билидирди «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын экономика жана финансы боюнча башкы директордун орун басары Арзымат Алдаяров. – «Мындан тышкары, 2023-жылдан баштап компания жаңы технологияларды киргизип, телеметриясы бар “акылдуу” эсептегичтерди орнотуп жатат, алар көрсөткүчтөрдү өз алдынча жөнөтөт».
Жылытуу тутуму батирдик болгон көп кабаттуу турак үйлөрдө курулуш компанияларына телеметрия жана термокоррекция модулу менен («Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан жана колдонулуп жаткан программалык камсыздоонун негизинде) жана бөгөт клапаны бар аспаптарды орнотуу сунушталат. Газды жөн гана тамак жасоо үчүн колдонуу учурунда телеметрия, термокоррекция жана бөгөт клапаны жок механикалык эсептегичтерди орнотууга уруксат берилет. Эки учурда тең эсептегичти батирлерде да, жалпы пайдалануудагы жайларда да орнотсо болот. «Биздин негизги талап – эсептегичтерди бир калыпка келтирүү. Бардык эски эсептегичтер акырындап телеметриясы бар жаңы “акылдуу” газ эсептегичтерине алмаштырылышы керек», — деп баса белгиледи Арзымат Алдаяров.
Тегерек столдо курулуш компаниялары менен газ кызматкерлери көп кабаттуу үйлөргө газ берүү боюнча техникалык нормаларды, газды колдонуу аспаптарын пайдалануу, газ отказандарынын жана башка жабдуулардын коопсуздугу боюнча маселелерди талкуулашты. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын ремонт жана капиталдык курулуш боюнча башкы директордун орун басары Мурат Сулайманов коопсуздукка максималдуу көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. «Газ кызматы – жаратылыш газды колдонуу коркунучу менен байланыштуу коммуналдык кызматтардын эң консервативдүү тармагы», – деди ал.
КР Куруучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов курулуш компанияларынын атынан диалог үчүн ыраазычылык билдирип, алардын газ менен камсыздоо боюнча курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого даярдыгын белгиледи. Тараптар курулуш жана газдаштыруу боюнча маселелерде пикир алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча макулдашты.