Нарындагы медициналык мекемелерге 20 унаа тапшырылды
02.02.26 | 10:48
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облустук медициналык мекемелеринин жетекчилерине 20 унаанын ачкычтарын тапшырды.
УКМКдан кабарлагандай, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 3 унаа, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 4 унаа, Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна 1, Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросуна 1, Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3, Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3 унаа, Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 3 унаа, Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 2 унаа берилген.
Редактор
Редактор
Поделиться: