Жарнама

Былтыр өндүрүштө 63 адам каза болду

02.02.26 | 11:29
Былтыр өндүрүштө 63 адам каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарынын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматы билдиргендей, 2025-жылы 28 инспектор 1173 текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын 1885 бузулушун аныктаган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Окуялардын арасында 161 жабырлануучу катталып, алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болду.

Салынган айып пулдардын суммасы 8,838 млн сомду түзүп, анын ичинен 6,936 млн сому өндүрүлдү. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн компенсациялар 111,057 млн сомго жетти. Кызматкерлерге эсептелген эмгек акынын жалпы суммасы 14,726 млн сомду түздү.

Кызматтын ишмердүүлүгүнүн алкагында 120 соттук-эксперттик катышуу, эмгекти коргоо боюнча 236 окутуу иш-чарасы өткөрүлүп, жарандардын 1306 жазма кайрылуусу каралып, 6541 оозеки консультация берилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча